Кулжа 26, 2025
Убакыт: 14:13
USD
87.20
87.70
EUR
101.50
102.50
RUB
1.110
1.135

Өлүм куштун канатынан да жеңил, карыз аска-тоодон да оор...

26.06.2025 09:18
31
Өлүм куштун канатынан да жеңил, карыз аска-тоодон да оор...


Бийлик – бул карыз, эркиндик – бул жоопкерчилик.

(Мария фон Эбнер-Эшенбах)


Мен карызыман кутулушум керек, ошондо гана уктай алам.

(Роберт Фрост)


Карызы бар киши кул сыяктуу.

(Ральф Уолдо Эмерсон) 


Эгер кимдир бирөө керемет нерсеге ээ болсо, бул убактылуу карыз экенин унутпасын.

(Юнус Эмре)


Мен өлүмгө эртедир-кечтир төлөнө турган эски карыз катары караганга үйрөдүм.

(Альберт Эйнштейн)


Популярдуу болгон – бул бакыт, пайдалуу болгон – бул милдет.

(Виктор Гюго) 


Сүйүүнүн колу дайыма ачык болсо, эгоизм карызга гана берет.

(Фридрих Шиллер)


Карыз берген – бул талант. Карыз алып, бирок бербей койгон – кош талант.

(Геннадий Москвин)


Карыз – бул аңга окшош: ага түшүп кетүү оңой, бирок чыгыш кыйын.

(Джордж Бернард Шоу)


Мамлекетти багындырунун эки жолу бар: биринчиси – кылыч менен, экинчиси – карыз менен.

(Джон Куинси Адамс) 


Жарыя: карызымды акча төлөгөндөргө берем.

(Геннадий Москвин)


Кичине карыз карыздарды пайда кылса, чоң карыз душманды пайда кылат.

(Публий Сир)


Мен карыз бербейм. Эч кимге, эч качан бербейм. Карыз жаман нерсе. Берсең карызга эмес, бекер бериш керек.

(Алишер Бурханович Усманов)


Карыз алган сайын сен өзүңдүн келечегиңдин бир үзүмүн уурдаган болосуң.

(Натан Моррис)


Карыз берген – жакырланат, карыз алган – итке минет.

(Андре Прево)


Убакыт – бул акча. Көп кишилер карызын өмүрү менен төлөшөт.

(Джош Биллингс (Генри Уиллер Шоу) 


Эгер конокторуң батыраак кетсин десең, алардан карызга акча сура. Эгер алар көбүрөөк отурсуң десең, кеңеш сура.

(Стас Янковский)


Кудайдан кийин эле биз аялдарга карызбыз: алар адегенде бизге өмүр тартуулашат, андан соң жашообузга маани-маңыз беришет.

(Кристиан Нестел Боуви)


Ата-эненин милдети – биздин балалыгыбызды, жаштыгыбызды камсыздоо. Балдардын милдети – алардын карылыгын камсыздоо.

(Иван Пьянов)


Карызың жок болсо – жашоо жеңил.

(Петр Квятковский)


Бирөөнүкүн убактылуу аласың, өзүңдүкүн биротоло бересиң.

(Михаил Светлов)


Таанышыңды жолуктарганда ал карыз сурап үлгүрө электе биринчи болуп сурап ийиш керек.

(Али бен Марабут)


Мен карызымды унутпайм, бергенди гана унутуп коём.

(Янина Ипохорская)


Бизди айлык эмес, акчаны сарптай билүү жөндөмдүүлүгү бай кылат.

(Чарльз А. Джаффе) 


Майда чыгымдардан этият болгула: кичинекей тамчы чоң кемени чөктүрүп ийет.

(Бенджамин Франклин)


Бакытты акчага сатып ала албайсың, бирок ижарага алсаң болот.

(Америка накылы)


Жашоо – оюн, ал эми акча – эсеп жүргүзүүнүн ыкмасы.

(Тед Тёрнер)


Убада берип жатканда аябай ойлон, анткени, убада – бул карыз.

(Конфуций)


Улуу адамдар өлгөн кезде майда кишилерге улуу жүк артылат.

(Джон Рональд Руэл Толкин)


Адамды куткаруу, атаңды азаптан, аялды көз жаштан арылтуу – бул жөн гана сооп иш эмес, бул – адамдык милдет, карыз.

(Александр Дюма)


Карыз алган кыйын эмес, берген кыйын.

(Африка накылы)


Карыз кээде эң күчтүү адамды да сындырып коёт.

(Марио Пьюзо)


Өлүм куштун канатынан да жеңил, карыз аска-тоодон да оор...

(Роберт Джордан)


Уятты түшүнгөн киши карызды деле түшүнөт.

(Япон накылы)


Мамат Сабыров 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн