Өзгөчө абал учурунда иштеген милиция кызматкерлерине кошумча акылары ИИМ тарабынан тийиштүү документтер келгенден кийин берилет. Бул тууралуу 23-июндагы брифингде каржы министри Бактыгүл Жээнбаева билдирди.
Анын айтымында, учурда кызматкерлер канча убакыт жана кандай шартта иштегенин тактоо иштери жүрүп жатат.
“Өзгөчө абал учурунда иштеген укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кошумча эмгек акы төлөнүп берилет. Учурда канча убакыт жана кандай шартта иштегени такталып, өкмөткө өткөрүлүп берилиптир. Бизге тийиштүү документтер келип түшсө эле которулат”, - деди министр.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн