Бугу 19, 2024
Убакыт: 21:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Өмүр бою эркинен ажыратылган 200 адам ачкачылык жарыялады

10.03.2020 17:07
862
Өмүр бою эркинен ажыратылган 200 адам ачкачылык жарыялады


Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалыматына караганда кечээ, 9-мартта бир нече абакта кармалып турган, баш аягы 200 адам ачкачылык жарыялашкан


Мекеменин маалыматына караганда алар сот чыгарган өкүмдү 2017-жылы кабыл алынып, бир жыл мурун күчүнө кирген жаңы мыйзамдардын негизинде кайра карап чыгууну талап кылышууда. 


Баш аягы 4 абакта кармалып турган адамдар;  №1, 16, 19, 25 абактарда өмүр бою эркинен ажыратылган жарандар белгисиз мөөнөткө чейин ачкачылык жарыялаган.


Маалыматка ылайык, соттордун мурда чыгарган өкүмдөрүн кайра карап чыгуу боюнча сунуштамалар жөнөтүлгөн. Аталган сунуштамалардын жана арыздардын бардыгы каралып чыгып өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондордун талаптары негизсиз болуп табылган.

Мекемеде билдиргендей бүгүнкү күндө Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажыратылган 347 адам жаза мөөнөтүн өтөөдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн