Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 07:24
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Өмүрбек Абдырахманов: Бийлик интрига менен алектенсе, аккаунттар негизги ролду ойноп калат

04.03.2021 11:26
899
Өмүрбек Абдырахманов: Бийлик интрига менен алектенсе, аккаунттар негизги ролду ойноп калат

 

Өлкө президенти Садыр Жапаров социалдык тармактардагы аккаунттары менен эмес, реалдуу иштер менен алектенсе болмок. Мындай пикирди саясатчы, мурдагы депутат Өмүрбек Абдырахманов “Медиа центр” мультимедиалык маалымат агенттигине билдирди.


Анын айтымында, учурда бийлик реалдуу реформаларды кылып, жаңы нерселерди жасай баштаганда жана элдин баарына үмүт берип, мыкты иштерди алдыга жылдырса социалдык тармактардагы аккаунттары жолдо калып калат. Эгерде реформа жок болуп, интрига менен алектенип, бирөөлөрдү камамыш болуп жүрө берсе, анда аккаунттар негизги ролду ойноп калат.


“Аккаунтуна чын эле чабуул кылдыбы же жалганбы, биз кайдан билели? Мамлекет деле велосипед сыяктуу. Велосипедди минип алып, алдыны көздөй жылбасаң ал жыгылып калат. Айдаганды билсең кете бересиң”, - дейт Абдырахманов.


Ал кошумчалагандай, саясатчылар элге үлгү, өрнөк болушу керек, ар кандай пикирдеги адамдар менен тил табышууга аракет кылуу зарыл. “Мисалы, мен деле Фейсбукту активдүү колдоном. Ар кандай көз караштагы адамдар болот, бардыгы менен сабырдуу болууга, токтоо мамиле кылууга аракет жасайм. Бирок сындырып кеткен учур болгон эмес”, - деди экс-депутат.


Белгилей кетсек, бүгүн, 4-мартта президент Садыр Жапаров чукул кайрылуу жасап, Фейсбуктагы аккаунтун сындырып кирип, комментарийлерди калтырганын билдирди.

 

 

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн