Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 09:07
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Өмүрбек Абдырахманов: Система өзгөрмөйүн күчтүү парламенттин түптөлүшү күмөн

30.06.2020 17:07
1106
Өмүрбек Абдырахманов: Система өзгөрмөйүн күчтүү парламенттин түптөлүшү күмөн


Бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы өз ишин расмий жыйынтыктады. Буга байланыштуу ушул курамдагы парламент өзүнүн миссиясын кандай аткаргандыгы тууралуу экс-депутат Өмүрбек Абдырахманов “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине өзүнүн пикирин билдирди.


Анын айтымында, Жогорку Кеңештин азыркы курамы кандай штегенин бүт эл көрүп жатат. “Мисалы, айрым депутаттар бир канча кесиптештери үчүн жарым мүнөттө добуш берүүгө жетишип калаарын билдиришти. Бул нерсе уят. Мындай депутаттардын келишине ким күнөөлүү? Кеп парламентте эмес, кеп системада. Себеби, парламент толугу менен президентке көз каранды. Эмне үчүн көз каранды? Буга азыркы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун күнөөсү жок. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди дагы күнөөлөй албайм. Күнөө системада”, - дейт Абдырахманов.


Ал белгилегендей, дагы деле ушул система орной берсе, ким президент болуп келсе да эч нерсе өзгөрбөйт. Азыркы парламентте чыныгы саясатчылар эмес, олигархтардын келишине жол ачкан Өмүрбек Текебаевдин долбоору боюнча жазылган Конституциялык система өзгөрмөйүн күчтүү парламенттин түптөлүшү күмөн. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн