Президент Садыр Жапаров бүгүн Өмүрбек Бабанов менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчынын пресс-катчысы Галина Байтерек 24.kg маалымат агенттигине маалыматты тастыктады.
Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын башчысы инвестор менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, анда Өмүрбек Бабанов дагы катышкан.
"Президент инвестицияларды тартуу максатында байма-бай жолугушууларды өткөрүп турат. Бүгүн Казакстандан келген инвестор Шухрат Ибрагимов менен жолугушуу болду. Аны менен кошо Өмүрбек Бабанов келди. Бул тааныштыруу жолугушуусу, анда иштин келечеги талкууланды”, - деп түшүндүрдү Галина Байтерек.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн