Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 09:53
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Өмүрбек Бабанов Садыр Жапаров менен эмнеге жолугушту?

06.11.2020 12:16
983
Өмүрбек Бабанов Садыр Жапаров менен эмнеге жолугушту?

Садыр Жапаров менен Өмүрбек Бабанов кечээ 5-ноябрда жолугушкан. Бул тууралуу Өмүрбек Бабанов фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди. 


Төмөндө Бабанов Жапаров эмне үчүн жолугуп кандай маселелерди талкуулаганы өзгөртүүсүз берилет:


"Улуу урматтуу Кыргызстандыктарым!


Өлкөбүздөгү саясий-экономикалык абал курч экендигин бардыгыбыз көрүп турабыз.

 5-октябрда элди толкуткан кесепеттерди түп-тамырынан жоюп, тезинен өнүгүү жолуна түшүүгө бизде мүмкүнчүлүктөр бар! 


Кечээ Садыр Нургожоевич менен жолуктум. Өлкөбүздү өнүктүрүүгө керек болгон терең маселелерди ачык талкууладык. Өлкөбүз эркиндикти туу тутуп, демократиянын нугунда гана тез өнүгө алаарына окшош пикирде экендигибизди ачык көрдүм. Садыр Нургожоевич мурдагы башкаруучулардын каталарын кайталабастыгын, олуттуу өзгөрүүлөргө даяр экендигин көрдүм.


Конституциялык реформаны да кеңири сүйлөштүк. Эң негизгиси, бийлик бутактарынын тең салмактуулугун түзүү керек. Сот системасынын толук кандуу көз карандысыздыгын камсыздап, парламентти күчтөндүрүү керектигине так түшүнүк бар!


Мени колдоп келген бардык адамдарга, тилектештериме ыраазычылык билдирем! Партиялаштарым менен акылдашып, Кыргызстандын Президентинин кызматына ӨЗ ТАЛАПКЕРЛИГИМДИ АЛЫП ЧЫКПООНУ ЧЕЧТИМ!

САДЫР НУРГОЖОЕВИЧТИН ТАЛАПКЕРЛИГИН КОЛДОО ЧЕЧИМИН КАБЫЛ АЛДЫМ." -деп жазылган маалыматта. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн