Бугу 14, 2024
Убакыт: 13:50
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Өмүрбек Бабанов: Сот отурумга журналисттерди киргизүүдөн коркуп жатат (фото)

08.06.2021 15:44
1102
Өмүрбек Бабанов: Сот отурумга журналисттерди киргизүүдөн коркуп жатат (фото)

Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов соттун кадамдарын абсурд деп атады. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.


Анын айтымында, сот журналисттердин отурумга катышуусунан коркуп жатат.


"Сот отурумдун башталышында судья:

Бизде аудио-видео жазуу бар, ошондуктан сот ишине журналисттердин катышуусуна тыюу салам!


Сот отурумунан кийин ошол эле судья:

Бизде аудио-видео жазуу жок ... техникалык себептерден улам!


Абсурд!


Башында журналисттерди киргизбей, эми аудио-видео жаздырууларды чыгарбай жаткан сот эмнеден коркот?


Тиркелген документтер:

1) Судья Бердимуратов расмий түрдө аудио-видео жазууларды берүүдөн баш тартты!

2) Сот отурумунун протоколунан: адвокаттын арызынын бөлүктөрү, прокурордун мыйзамсыз арызы жана залда аудио-видео тасма бар деп айткан судья Бердимуратовдун сөзү.


Сот ачык болушу керек!",- деп билдирүү калтырган Бабанов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн