Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 15:24
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Өмүрбек Бабанов УКМКга суракка чакырылды

07.01.2021 17:38
906
Өмүрбек Бабанов УКМКга суракка чакырылды

"Республика" партиясынын лидери  Өмүрбек Бабанов УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызмат билдирди.


УКМК бир топ кылмыш иштерди иликтөөнү улантууда. Буга байланыштуу аталган иштерде Бабановдун аты аталган.


Тергөөнүн жүрүшүндө жасалган кылмыштардын фактылык жагдайларын аныктоого багытталган тергөө иш-аракеттеринин комплекси жүргүзүлөт.

Ушуга байланыштуу, тергөө органдары жаран Ө.Бабановго анын катышуусу менен тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн чакыруу кагазын тапшырышкан.


Белгиленген кылмыш иштерин УКМК тарабынан иликтөөнүн натыйжалары жөнүндө маалыматтар дайыма коомчулукка маалым болуп турат.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Адатынча Россияга мен саясаттан кеттим деп кетип калат адатынча