Бугу 14, 2024
Убакыт: 23:30
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Өмүрбек Бабанов УКМКнын абагына камалбайт

06.09.2021 17:38
799
Өмүрбек Бабанов УКМКнын абагына камалбайт


Россияда операция жасатып, бүгүн Кыргызстанга кайтып келген мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов УКМКнын тергөө абагына камалбайт. Мындай пикирин анын жактоочусу АКИпресс агенттигине билдирген.


Анын айтымында, Бабановдун баш коргоо чарасы өлкөдөн кетерден мурда өзгөртүлгөн.


"Өмүрбек Бабанов ден соолугуна байланыштуу чет өлкөгө чыгып операция жасатып келди.

Бабанов кайра УКМКнын тергөө абагына камалбайт. Анткени анын баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн.

Эгер Бабанов өлкөдөн чыгып дарыланууга муктаж болсо, орган менен макулдашуу түзүп чыкса болот",- деди жактоочу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн