Чын курандын 08, 2025
Убакыт: 22:15
USD
87.00
87.50
EUR
95.20
96.20
RUB
1.000
1.050

Өмүрбек Бабанов чукул кайрылуу жасады (Видео)

02.05.2021 19:54
685
Өмүрбек Бабанов чукул кайрылуу жасады (Видео)

Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов Баткен облусунда болгон кайгылуу окуяларга байланыштуу кайрылуу жасады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.


"Урматтуу Кыргызстандыктарым,


Эгемендигибизде кандай гана кыйынчылыктар, кандай гана сыноолор болбоду. Баарын жеңип келдик. Азыркы абалды да сөзсүз жеңебиз. Бизге башканыкы кереги жок, бирок өз жерибиздин бир карышын да БЕРБЕЙБИЗ!


Кыргызстаныбыз кыйын күнгө кабылганда, айлансын ар бир уулуң чагылганга! Баасыз Баткенибизге баарыбыз башыбызды байлайбыз! Бизди эч ким бөлө албайт! Себеби биздин элибиз, биздин жерибиз – бирдиктүү!


Генерал-губернатор Өмүрбек Суваналиев менен сүйлөшүп, Баткен жана Лейлек райондорундагы бардык муктаждыктарды аныктадык. Азыр командам менен бардык керектүү азык-түлүктөрдү жети унаага жүктөп жөнөттүк. 


Жардамга көмөктөш болгон “КЫРГЫЗСТАН” банкына, “Фрунзе” жана “Глобус” гипермаркеттерине да ыраазычылык билдирем",- деп билдирүү калтырган Бабанов.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн