Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 17:36
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Өмүрбек Бабанов дарыгерлерге жардам катары 5 млн сом которот

04.07.2020 11:49
1399
Өмүрбек Бабанов дарыгерлерге жардам катары 5 млн сом которот



Келе жаткан жумада 5 млн сомду COVID-19 илдети менен күрөшүп жаткан дарыгерлердин өз эсептерине которуп берем, деп билдирди мурдагы премьер-министр, саясатчы Өмүрбек Бабанов өзүнүн Фейсбуктагы баракчасынан.  

 


Анын айтымында, бул акчадан орточо эсеп менен 700-800дөй медкызматкерлери алат, анын ичинде дарыгерлерге 10 миң сомдон жана медайымдарга 5 миң сомдон бөлүнөт.



Учурда мекемелерди жана тизмелерди аныктап жатабыз, бул дагы такталат, бирок беш бейтапкана тизмеде бар”, - деди Бабанов.

 

Алар:

 

Улуттук госпиталь;

 

Эне жана баланы коргоо улуттук борбору;

 

Улуттук фтизиатрия борбору;

 

Улуттук онкология жана гематология борбору;

 

Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасы.

 

Бизнес дагы оор абалга кабылганына карабастан, элибиз муктаж болгон учурда жардамдарын аябаган ишкерлерге чоң ыракмат. Баарыбыз биригип, коронавирус аталган ылаң чуманы жеңип чыгалы. Азыр бири-бирибизди же башканы сындай турган убакыт эмес, азыр бир жакадан баш чыгара турган убакыт. Бул апаатты сөзсүз жеңебиз. Бардыгыбызга чың ден-соолук жана узак өмүр берсин!”, - деп жазды Өмүрбек Бабанов.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таалайбек
Рахмат сизге. Бардык эле колунда барлар мындай ишти жасай албайт. Тилекке каршы мындай ишти аткаруу бардыгына эле насип кылбайт