Өмүрбек Бабанов коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.
"Ковидди жеңиш үчүн жалпы вакцинациялоо керек. Sputnik V же Синофармбы, ар ким өзү тандашы керек.
Мен бизде сунушталып жаткан Sinopharm менен вакцина алдым. Алганыма үч күн болду, кошумча эч бир симптом байкабадым.
Баарыңыздарды вакцина алууга үндөйм.
Ден соолугуңуздар чың болуп, жакындарыңыздар дайыма жаныңыздарда болсун!",- деп билдирүү калтырган Бабанов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн