Бугу 07, 2024
Убакыт: 22:36
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Өмүрбек Бабанов коронавируска каршы күрөшүүгө 5 млн сом бөлдү

19.03.2020 10:29
5254
Өмүрбек Бабанов коронавируска каршы күрөшүүгө 5 млн сом бөлдү


 

“Республика” партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов өлкөдөгү акыркы кырдаалга байланыштуу атайын кайрылуу жолдоп, коронавируска каршы күрөшүү үчүн 5 миллион сом бөлгөнүн жарыялады. Социалдык баракчасы аркылуу жолдогон кайрылуусунда коронавируска каршы күрөштү жөнөкөй жарандар да, бизнесмендер да колдоого алышы керектигин айткан. Төмөндө Бабановдун билдирүүсүн сунуш кылабыз:


Урматтуу кыргызстандыктар!

 

Биздин өлкөбүз, дүйнө жүзү бул коркунучтуу оору менен алышууга аргасыз.

 

Ынтымагыбызды жана акылмандыгыбызды сынай турган учур болуп жатат!

 

Биз бардыгыбыз башыбызды бириктирип, бул тумоону жеңишибиз керек!

 

Коронавируска каршы күрөштү жөнөкөй жараныбыз да, бизнесменибиз да колдоого алышы керек.

 

Бүгүн элибиз үчүн колдон келген жардамды көрсөтүүнү мен да жарандык милдетим деп эсептейм. Андыктан биз 5 млн сом бөлүүнү чечтик, анын ичинен баатыр Дарыгерлерибиз үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин эсебине 3 млн сом бөлүнөт, ал эми 2 млн сом 2000 пенсионерлерибизге 1 000 сомдон дары-дармектери үчүн которулат.

 

Биз сөзсүз бул абалга туруштук берип, мурдагыдан дагы күчтүү чыгабыз!!!

 

Улуу Жараткан Алла бизге жана бүткүл адамзатына ушул сыноодон өтүүгө жардам берсин!

 

Урматым менен,

 

Өмүрбек Бабанов

Пикирлер (8)

Коопсуздук коду
Алыке Чапкынчы
Баракелде, элге берген жардамыныз унутулбайт. Сих 2010- жылы даны же биринчилерден болуп Ошко жардам алып келгенсиз.
Абилазисова Жээнайым
Азаматсыз!! Демекмин кыйынчылык башка тушкон кезде ,адамдын ким экени билинет.Ар дайым ушундай сапатыбыздан жазбаныз.Ишинизге ийгилик!
Майрам
Акча миллион бербей эле бекер миллард марска таркатырсаныз болмок
Кубанычбек
Берилген жардамга рахмат эле айтайлы колдун келсен. Сындабайлы