Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов 29-мартта бюджетти колдоо боюнча депозиттик эсепке 100 миллион сом которду. Маалыматты Экономика жана финансы министрлигинин басма сөз кызматынын билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-апрелге карата депозиттик эсептен 727 млн. 219 миң сом Садыр Жапаровдун демилгеси менен башталган 100 миң сомго чейин насыя алган адамдардын карызын жабууга жумшалды. 5-апрелдеги маалымат боюнча бул эсепте 1 млрд. 43 млн. 395 миң сом бар.
Эске салсак, 24-мартта Өмүрбек Бабановго козголгон иштер боюнча жүрүп жаткан териштирүүлөр токтотулганы белгилүү болгон. Ал мамлекеттик бюджетти колдоо иретинде өз ыктыяры менен казынага 100 млн. сом берүүнү убада кылган.
Пикирлер (2)