Биринчи Май райондук сотунун имаратынын жанында жашаган аял Өмүрбек Бабановдун тарапташтары айланага таштанды таштап кеткенине нааразы. Бул тууралуу 24.кг агенттиги билдирди.
"Өмүрбек Токтогулович, өзүңүз дайыма маданияттуумун дейсиз. Эмне үчүн анда айланаңызда маданиятсыз адамдар жүрөт? Сизди колдоп соттун алдына митингге чыккан адамдарды адам деп атоо кыйын. Айлананы таштанды кылып кетти",- дейт Бишкек шаарынын тургуну.
Эске салсак, кечээ Биринчи Май райондук сотунун алдында Өмүрбек Бабановдун тарапташтары митинг өткөргөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн