Бугу 14, 2024
Убакыт: 19:44
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Өмүрбек Бабановго үй-бүлөсү менен жолугушууга уруксат берилди

17.06.2021 13:27
1009
Өмүрбек Бабановго үй-бүлөсү менен жолугушууга уруксат берилди


Камакка алынган саясатчы Өмүрбек Бабановго УКМКнын СИЗОсунун имаратында аялы жана уулу менен жолугушууга уруксат берилди. Буга чейин Бабановго үй-бүлөсү менен жолугушууга тыюу салган Тергөөчү Дженбаев, адвокаттар сотко арыздангандан кийин чечимин жокко чыгарган. Бул тууралуу Kaktus.media билдирди.


Бүгүн, 17-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун тергөө судьясы Туратбек Бекенов жактоочунун арызын карашы керек болчу, бирок тергөөчү жактоочу менен байланышып, чечиминин өзгөргөнүн айткан.


Эскерте кетсек, буга чейин саясатчы жолугушууга тыюу салынгандыгына нааразы болуп, адвокаттар тергөөчүнүн аракетине каршы арыз жазган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн