Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 21:03
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Өмүрбек Бабановго жубайы жана уулу менен жолугууга уруксат берилген жок

14.06.2021 13:37
1774
Өмүрбек Бабановго жубайы жана уулу менен жолугууга уруксат берилген жок


Өмүрбек Бабановго жубайы Рита Бирбаева жана уулу Нурэмир Бабанов менен кездешүүгө уруксаат берүүдөн расмий түрдө баш тартылды. Бул тууралуу Бабановдун жактоочусу билдирди.


“Жакындары менен жолугушууга тыюу салуу – бул укуктук жактан чектен ашкандык. Муну Өмүрбек Бабановго карата кыйноо катары кабыл алса болот. Мен жана уулубуз тергөөгө кандай тоскоолдук жаратмак элек?”, - дейт Бабановдун жубайы. 


Кылмыш-процессуалдык кодекске ылайык, жакын туугандары менен жолугушуу судьянын же тергөөчүнүн уруксааты менен ишке ашат, бирок, тергөөчү, Өмүрбек Бабановдун жубайы жана уулу менен жолугушуусуна уруксаат бербей койгон. 


“Тергөөнүн кызыкчылыгында Өмүрбек Бабановго, анын адвокатынан тышкары башка тараптар менен жолугушуусуна уруксаат берүү ылайыксыз. Жактоочунун Бабановдун жакындары менен жолугушуусуна уруксаат берүү тууралуу өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартылат”, – деп жазган баш тартуу тууралуу токтомунда УКМКнын ага тергөөчүсү А.Дженбаев.


Бул токтомду экс-премьердин жактоочусуна УКМКнын бөлүм башчысы – мекеме аралык тергөө тобунун жетекчиси М.Эсенбаев жөнөткөн. 


“Жолугушууга тыюу салууга бул негизсиз себеп! Жубайы менен уулу тергөөгө кантип тоскоолдук жаратышы мүмкүн? Мүмкүн эмес. Мындай жолугушуулар тергөө абагынын кызматкерлеринин көзөмөлү алдында өтөт”, – деп билдирди адвокат Амантур Абдырахманов.


14-июнда адвокаттар тергөөчүнүн жолугушууга уруксаат бербей койгон токтомуна каршы сотко кайрылышты, анда бул токтомду мыйзамсыз жана негизсиз деп таап, бул мыйзам бузууну жокко чыгаруу өтүнүчү келтирилген. 


Эскерте кетсек, 31-майда УКМК тарабынан экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановду күбө катары суракка чакырылып, жыйынтыгында Кумтөр иши боюнча "Коррупция" беренеси менен камакка алынган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн