Бугу 13, 2024
Убакыт: 21:05
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Өмүрбек Суваналиев: Курсан Асановдун камалышы мыйзамсыз

28.01.2021 09:24
929
Өмүрбек Суваналиев: Курсан Асановдун камалышы мыйзамсыз


Коопсуздук кеңешинин мурдагы орун басары, 5-6-октябрдагы тополоңдо УКМКнын жетекчисинин милдетин убактылуу аткарып турган Өмүрбек Суваналиев “Азаттык” үналгысына берген комментарийинде ички иштер министринин экс-орун басары Курсан Асановдун камалышын мыйзамсыз деп атаган. Ал ошол күндөрү Асанов мамлекеттин жана элдин коопсуздугун сактап калган адамдардын бири болгонун айткан.

 

Ал күндөрү Курсан Асанов мыйзамды бузган эмес. Тополоңдо расмий бийлик жок болуп калды. Ички иштер министрлигинин жетекчилиги качып кеткен. Топтолгон эл түрмөдө жаткандарды чыгара баштады. Биз ошону токтотконго аракет кылдык. Легитимдүү бийликтен кабар жок болуп калды. Мен коопсуздук кеңешинин орун басары катары күч структурасын координация кылуу укугум бар эле. Ошол кезде милицияга дем бериш керек болчу. Курсан Асанов теледен чыгып, күч органдарына кайрылуу жасап жатты. Башаламандык учурунда бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуу үчүн Курсан Асанов баш болгон милициянын отставкадагы генералдарын, полковниктерин Ички иштер министрлигине жөнөткөнбүз. Курсан Асанов толопоңдо мамлекеттин коопсуздугун сактап калгандардын бири болгон. Анын камалышын мыйзамсыз деп эсептейм”, - дейт Суваналиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн