Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 21:11
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Өмүрбек Суваналиев кошуна өлкөнүн губернаторлору менен кызматташтык маселелерин талкуулады

04.03.2021 18:23
1774
Өмүрбек Суваналиев кошуна өлкөнүн губернаторлору менен кызматташтык маселелерин  талкуулады

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев Тажикстан Республикасынын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмодзода жана Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун башчысы Хайрулло Бозаров менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлады.


Маалыматка ылайык, жетекчилер облустар аралык соода-экономикалык, маданий байланыштарды чыңдоо, кошуналык жакын мамилени, чектеш элдердин ынтымагын, достугун бекемдөө боюнча сүйлөшүштү.

Өзгөчө чек аралаш аймактарда коомдук коопсуздукту сактоо, чыр чатактардын алдын алуу менен бирге орун алган көйгөйлөрдү биргелешип чечүү боюнча макулдашышты.

Белгилей кетсек, ушул тапта Баткен облусу менен Тажикстан Республикасынын Согди облусу жана Өзбекстандын Фергана облусу менен кызматташуу боюнча иш-чаралар планы талкууланууда.

Алдыда аталган иш пландарды бекитүү менен тараптар эки тараптуу кызматташууда экономикалык байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл бурулаарын белгилешүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн