Чын курандын 18, 2025
Убакыт: 09:12
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Өмүрбек Суваналиев октябрь окуясында УКМКнын имаратын кантип басып алганы тууралуу видео тарады (видео)

18.05.2021 18:08
2112
Өмүрбек Суваналиев октябрь окуясында УКМКнын имаратын кантип басып алганы тууралуу видео тарады (видео)


Социалдык тармактарда октябрь окуясында Өмүрбек Суваналиев УКМКнын имаратын басып алды деген видео тарады. 


Тасмада ошол кездеги Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев менен Марат Иманкуловдун УКМКнын имаратында айтышып жатканын көрүүгө болот. 


Бул видеого байланыштуу редакциябыз Өмүрбек Суваналиевге кайрылганда төмөндөгүчө түшүндүрмө берди. 


"Биз Марат Иманкулов менен эч качан мушташкан эмеспиз. Мамилебиз дайыма жакшы болуп келген. Ал учурда абал ошондой курч болуп турган. УКМКнын СИЗОсунан Атамбаевди чыгарып кеткенден кийин башка адамдарды да чыгарып кетпеши үчүн Коопсуздук кеңешинин катчысынын расмий орун басары катары Координациялык кеңеш түзгөнбүз. Ошол кабинет УКМКнын имаратында болчу. Азыр эми ар кандай маалыматты чыгара беришет. Биз ал убакта тынчтыкты сактап, тоноочулукка жол бербейли дегенбиз", - деди ал.



Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Чолпон
Даа Субаналиев...