Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 16:20
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Өмүрбек Текебаев Бельгияга элчи болобу?

20.04.2021 12:16
1064
Өмүрбек Текебаев Бельгияга элчи болобу?


Маевский жана “Мегакомдун” иши боюнча Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун акталышканы – чындыгында эле кескин бурулуш болду. Буга чейин ит жыгылыш оюн уланып келаткан. Өмүрбек Текебаев бийликти сындап атып, ал ортодо жаңыдан жеткен мандатынан да ажыраган эмеспи. Кайрадан соттук процесстердин эзүүсү башталса, карама-каршы күрөштөр улана бермек. Айрым булактардын баамында, ортого Камчыбек Ташиев түшүү менен Садыр Жапаровдун маанайын жумшартканы, Өмүрбек Текебаевди Бельгияга элчи кылууга макулдугун алганы ыраспы? Дал ушул кеп тар чөйрөдө талкууга алынууда. Ким билет? Баардык куугунтук иштери токтоп, акталгандан кийин жаңы кызмат деле күтүп турушу мүмкүн. Учурда бийликтегилер таасирдүү, карт саясатчыларды алдап-соолап, тоскоолдук жаратпагандай шартты түзүп алышкандары маанилүү. Дагы бир жагынан алганда, эгер Текебаев Бельгияга элчи болуп кетип калса, анда саясатчы катары жүзүн жоготот, көптүн бири сыңарындай сыпатталып калат да. А балким акталып алгандан кийин бийликтин сунуштарынан баш тартып, оппозиция лидерине айланып кетсечи? Баарын сызга отургузуп. Күтсө болот. Кайсы тарабы утушка жетерин көрө жаталы. 

 

Булак: "Азия Ньюс" гезити 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн