Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 07:46
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Өмүрбек Текебаев Берлинде кыргыз спортчулары менен жолугушту

09.08.2022 14:00
664
Өмүрбек Текебаев Берлинде кыргыз спортчулары менен жолугушту

 8-августта  Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев кикбоксинг, бокс, аралаш мушташ, грэпплинг жана самбо боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык машыктыруучулары жана чемпиондору: Канат Сыдыкбеков, Мирбек Аилчиев, Осорбек уулу Азизбек, Арипжан уулу Абдулла, Эрмек Акыбеков, Осорбек уулу Болотбек, Бакытбек Исмаилов, Азизбек Солпиев, Абдыкадыр Нарзуллаев менен жолукту.  Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, спортчулар Германияга Элчи Өмүрбек Текебаевдин чакыруусу менен келишип, Германиядагы кыргыз жаштарынын арасында спортту популяризациялоо максатында жолугушууларды жана машыгууларды өткөрүштү. Андан тышкары Германиянын тиешелүү спорт федерациялары менен өнөктөштүктү түзүү каралууда.


Жолугушууда Элчи Өмүрбек Текебаев жаш кыргызстандыктар арасында спортту жана сергек жашоо образын жайылтууга кошкон салымы үчүн машыктыруучуларга жана спортчуларга ыраазычылык билдирип, алар менен кыргыз спортун өнүктүрүүнүн жолдорун талкуулады. Жолугушуунун соңунда Элчи Өмүрбек Текебаев спортчуларга Германиядагы сапары аяктагандан кийин Малайзияда боло турган бир айлык спорттук машыгууларда ийгиликтерди каалады.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн