Бугу 21, 2024
Убакыт: 01:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Өмүрбек Текебаев Берлиндеги советтик жоокерлердин эстелигине гүл койду

10.05.2024 13:34
140
Өмүрбек Текебаев Берлиндеги советтик жоокерлердин эстелигине гүл койду


Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына карата Берлин шаарындагы Тиергартен жана Трептов паркында курман болгон советтик жоокерлердин эстеликтерине гүлчамбар коюу аземине катышты.

КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, бул күнү элчи Өмүрбек Текебаев Азербайжан, Казакстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын элчилери, ошондой эле башка чет мамлекеттердин өкүлдөрү жана аскер атташелери менен бирге Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон советтик жоокерлердин элесин мүнөттүк унчукпай туруу менен эскерди.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын элчилери курман болгон советтик жоокерлерге куран окушту.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн