Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 06:55
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Өмүрбек Текебаев: Чубак ажы Исламды модерндештирген реформатор эле

12.07.2020 09:16
1553
Өмүрбек Текебаев: Чубак ажы Исламды модерндештирген реформатор эле



Кыргыздын чыгаан инсаны, окумуштуу, коомдук, диний ишмер Чубак ажы Жалиловдун дүйнөдөн өткөндүгүн миңдеген адамдар сыяктуу мен да абдан кайгыруу менен кабыл алдым, деп жазды саясатчы, экс-депутат Өмүрбек Текебаев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына.



Ал белгилегендей, Чубак ажы чыныгы лидер, улуу адам эле. Чубак өзүнүн кеп-кеңештери менен жүз миңдеген адамдардын оюн, аракетин, турмушун жакшы жакка өзгөртө алган улуу мугалим, үлкөн лидер эле.



Окумуштуулар көп, бирок Чубак баарынан обочолонуп, аларга окшобой турчу. Анткени, бул догматикалык казыктарга байланбай, исламды заманбап кылып кыргызга ылайыктап, кыргыздын турмушун жеңил, оңой болсун деп исламды модерндештирген реформатор эле. Чубактын реформаторлугу исламды заманбап кылып өзгөрткөнүнө эч ким каршылык кылбай, "ушундай болуш керек" деп кабыл алышат эле. Тилекке каршы, бүгүн Чубак арабызда жок. Анын орду толгус жоготуу”, - деди Текебаев.

 

Ошондой эле ал Чубак ажынын жакын туугандарына, тарапташтарына, жалпы мекендештерге терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Апаз
Кыргызстандын чыныгы баатыры эле. Жаткан жери жайлуу болсун. Ыйманы жолок болсун