Бугу 13, 2024
Убакыт: 19:06
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Өмүрбек Текебаев Германиядагы мекендештер менен жолугушту

02.05.2023 08:45
223
Өмүрбек Текебаев Германиядагы мекендештер менен жолугушту

Франкфурт-на-Майне шаарында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Германиядагы кыргызстандыктар менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.


Жолугушуу кыргызстандыктардын «B.I.Z» («Bildung. Initiative. Zusammenarbeit» - «Билим. Демилге. Кызматташтык») уюмунун жардам менен ɵттү.


Жолугушууга келген мекендештерди элчи Текебаев 5-май - КР Конституция күнү менен куттуктады. Элчи ɵз сɵзүндɵ Германияда окуп жана иштеп жүргɵн кыргыз жаштарына ийгилик каалап, Кыргызстан менен тыгыз байланышта болууга чакырды.


Жолугушуу учурунда кыргызстандыктардын Германияда болушуна байланышкан ар кандай суроолор боюнча пикир алмашуу болуп ɵттү. Өзүнүн мыкты иш-аракети үчүн кыргызстандыктардын «B.I.Z» («Bildung. Initiative. Zusammenarbeit» - «Билим. Демилге. Кызматташтык») уюмунун жетекчиси Асел Сайраан-Дамир жана анын активдүү мүчөсү Азамат Дамир элчиликтин Алкыш баракчасы менен сыйланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн