Бугу 19, 2024
Убакыт: 08:29
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Өмүрбек Текебаев Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча стратегиялык пикирин билдирди

28.04.2021 09:14
2217
Өмүрбек Текебаев Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча стратегиялык пикирин билдирди

"Ата Мекен" партиясынын чек ара маселеси боюнча өткөн кеңешинде Өмүрбек Текебаев Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча пикирин билдирди. 


Текебаевдин айтымында, азыр Кемпир-Абадды берип жиберсек, кийин тоо кыркалары менен каттап калабыз. 


"Дүйнөлүк геостратегиялык түшүнүктөр жана мыйзамдар боюнча мамлекеттер дайыма суулуу же каттоого ыңгайлуу жерди талашып келген. 


Эми биздин Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча токтолоюн. Бул жерди биз кошуна мамлекетке берсек биздин колтугубузга кирип келет. Эгер келишпестик чыкса муздак колун менен колтугубузга салат. Эми ошондой эле. Менин пикирим боюнча Кемпир-Абад келген суунун үстүнө көпүрө салсак, эртең 50-100 жылдан кийин Ошто бир миллон, Жалал-Абадда жарым миллион, Өзгөндө 200 миң адам жашап калганда ушунун үстүнөн магистраль менен каттап калбайбы. Качанга чейин тоо аралап катташыбыз керек.


Өзбектерге Кемпир-Абаддын платинасын берсек, эртең бир нерсе болсо, же суу азайып кетсе сууну кайдан алабыз? Ошондуктан азыр Ташиев жакшы иш кылды. Эл менен кеңешти, өзү да аңдып жетти окшойт",- деди Текебаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн