Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 17:00
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Өмүрбек Текебаев: Кыргызстандын өкмөтү жана элитасы технологиялык прогресстин эң артында калды

29.06.2020 17:15
1866
Өмүрбек Текебаев: Кыргызстандын өкмөтү жана элитасы технологиялык прогресстин эң артында калды


Сөз эркиндиги туруктуу болушу керек. Бул Конституциянын негизин салган жана кыргыз эли ээ болгон баалуулук - сүйлөө жана угулуу укугу. Мындай пикирди экс-депутат, “Ата Мекен” саясий партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасында жазды.


Анын айтымында, сөз эркиндиги жарандардын эркин жана жеткиликтүү интернетке болгон укуктарынын ажырагыс бөлүгү болууга тийиш.


Кыргызстандын өкмөтү жана элитасы технологиялык прогресстин эң артында калды жана өнүгүүнүн күн тартибин түзүүнүн ордуна бардык ниеттерин жана ресурстарын чектөөлөр менен тыюу салууларга таштап, дүйнөлүк лидерлерден артта калышууда. Учурдагы бийлик саясий жана технологиялык регрессиянын, заманбап талаптардын жана өз жарандарынын тилектеринин артында калган символ болуп калды”, - дейт Текебаев.

 

“Албетте, маалыматтык технологиялар өнүгүп жаткан доордо жалган маалыматты жайылтуу көйгөйү бар. Ал Кыргызстандын гана эмес, бүткүл адамзаттын көйгөйү. Бирок аны мындай чуулгандуу мыйзамдарды кабыл алуу менен эмес, башкача жол менен чечиш керек. Жетекчи цензор болбошу керек, цензура адамдардын аң-сезиминде болушу керек, аны бала-чагынан билим жана маданият аркылуу жайылтуу керек”, - деп жазып калтырды саясатчы.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Майрамбек
Туура мумкун