Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 19:12
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Өмүрбек Текебаев Мадумаровду актадыбы же отко кактадыбы?

21.01.2022 18:54
2778
Өмүрбек Текебаев Мадумаровду актадыбы же отко кактадыбы?


Кечээ саясатчы Өмүрбек Текебаев Адахан Мадумаровдун айланасындагы иштерге токтолуп,  өз пикирин билдириптир. Соцтармактарда анын маегин массалык түрдө бөлүшүп, "Акыйкат айтыптыр", "Мадумаровду мыкты актаптыр", "Ушундай эле болмок" палан-пастан деп коштогондор, баягы эле ишенчээк бала кыял элибиз. 


Маекке жакшылап маани берсек, Өмүкө Адахан мырзаны  түпкүрүндө актабай эле жайлап коюптур. 


Биринчиден, ал 2009-жылдагы  "протокол" боюнча кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткенин жүйө келтирип, "бул иш боюнча азыр кылмыш ишин козгоо мыйзамсыз..." дейт. Муну менен саясатчы Адахан Мадумаровго чындап эле кылмыш ишин козгоого негиз бар экендигин, жер боюнча Мамаровдун күнөөсү бар экендигин кыйыр түрдө тастыктаптыр. Бирок, мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу гана кылмыш ишин  козгоо мыйзамсыз болуп калган деп чечмелейт. Демек, ал Мадумаровдун чег ара мамелесиндеги ролун жокко чыгарбайт.


Экинчиден, "Атамекен" партиясынын лидери Мадумаров кол койгон протокол парламентке келгенин, ошондой эле протоколго экс-министр Нурлан Сулайманов кол койгонун айтып, экөөнү тең бирдей жоопкерчиликке тартуу туура болоорун айтат. Демек, Нурлан Сулаймановго да кылмыш иши козголушу керек болуп жатса, анда протоколдун маанилүү документ экендигин, парламентке чейин келген мыйзамга тиркелген күчү барын,  тажик тарап буга бекеринен чапташып жатпаганын тастыктайт. 


Жыйынтыгында, Чиркешович Адахан Мадумаровго болушумуш болуп, бирок, күнөөсү бар экенин астейдил эскертип өткөндөй эле таасир калтырды.  Кайран Омуке бир ок менен эки коёнду "тырс" эттирди. Адахан мырзаны  дагы карыз кылып койду окшойт.


Тынчтык Алтымышев, журналист 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн