Бугу 19, 2024
Убакыт: 04:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Өмүрбек Текебаев: Референдум өткөрүү демилгеси – кооптуу иш

03.04.2020 09:38
828
Өмүрбек Текебаев: Референдум өткөрүү демилгеси – кооптуу иш

     

Өзгөчө кырдаал режими кирген убакта референдум дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун алып чыгуу - мыйзамды одоно бузгандык, деп билдирди “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 24.kg маалымат агенттигине берген комментарийинде.


Анын айтымында, дүйнө жүзү пандемияга каршы күрөш жүргүзүп жаткан мындай оор кырдаалда саясий эксперимент өткөрүү – кооптуу иш.


Азыр эч ким айта албайт, COVID-19 пандемиясы менен болгон күрөш канчага созуларын. Улуттук мыйзамдарга ылайык, өзгөчө абал кирген учурда шайлоо жана референдумдар өткөрүлбөйт. Референдум өткөрүү өзүнө бир канча баскычтарды  камтыйт, аны демилгелөөдөн баштап, коомдук талкууга коюу, дайындоо, даярдык көрүү, добуш берүү, жыйынтыгын чыгаруу жана жыйынтыгын жарыялоо боюнча бир топ этаптан турат. Азыр Жогорку Кеңештин расмий сайтында турат. Долбоордун коомдук талкууга коюлушу – одоно мыйзам бузуу болуп саналат”, - деди саясатчы.


Анын пикиринде, бул демилге балким элдин бийликке болгон ишеничин кетирет. Анткени учурдагы кырдаалда муну ишке ашыруу өтө кооптуу.


Биз азыркы тапта саясатчылар ар түрдүү көз карашыбызга карабай, бийликтин коронавируска каршы күрөшүн колдошубуз керек”, - деп билдирди Ө.Текебаев.


Мен мыйзам долбоорунун автору депутат Курманкул Зулушевди жакшы юрист катары билем. Балким анын саясий тажрыйбасы жетишпей турат. Ал катачылыгын долбоор боюнча берилген сын пикирлер аркылуу түшүнөт деп ойлойм”, - деди саясатчы.


Ал парламент депутаттарына 2020-жылдын 1-сентябрынан тартып Жогорку Кеңеште Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу пайда болорун эсине салды.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн