Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 14:44
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Өмүрбек Текебаев: Садыр Жапаров чексиз бийликти эптей албайт

02.12.2020 09:44
2770
Өмүрбек Текебаев: Садыр Жапаров чексиз бийликти эптей албайт


“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Азаттык” үналгысына курган маегинде жаңы сунушталып жаткан Конституциянын долбооруна каршы экенин, мындай жол менен чексиз бийликти мыйзамдаштыруу аракети ишке ашарын билдирди. Ошондой эле ал президентикке талапкер Садыр Жапаров чексиз бийликти эптей албай турганын айтты.


Эч убакта эл кеңешип, өкмөт отчет берген системага каршы болгон жок. Эл чексиз бийликке каршы чыкты. Азыркылар тескерисинче ошол эл нааразы болгон көрүнүштү мыйзамдаштырабыз деп жатат. Накта элдин нааразычылыгы мына ушундан чыгат. Бүгүн болбосо да жарым жылдан кийин кантип аларды манипуляциялап, башка жакка бурганына көзү жетет. Ачык айтып койойун, Садыр Жапаров чексиз бийликти эптей албайт”, -  дейт ал.


Ошондой эле Текебаев Садыр Жапаров шайлоодон жеңип келсе аны тааный турганын кошумчалаган.


Садыр Жапаровду эл шайласа таанышыбыз керек. Ал жеңип келсе бүгүн аны жактырбай жаткан чет элдик лидерлер Жапаров менен иштеше баштайт. Эгер шайланып калса бийик миссияга татыктуу болушун каалайт элем. Ал эми эски бийликтин системасын кабылына келтирүү жакшылыкка алып барбайт”, - дейт Текебаев.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн