Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 10:05
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Өмүрбек Текебаев: Садыр Жапаров сотторго түздөн-түз көрсөтмө берип жатат

25.11.2020 11:09
933
Өмүрбек Текебаев: Садыр Жапаров сотторго түздөн-түз көрсөтмө берип жатат


“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев буга чейин президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун ал тууралуу айткандарына жооп берип жатып, учурда бийлик анын колунда экенин билдирген. Текебаев “Азаттык” үналгысына курган маегинде Жапаров өзүнүн деңгээлин көргөзгөнүн ачыктаган.


Бир эле сөз - Жапаров өзүнүн деңгээлин көргөздү. Экинчиден, сотко түздөн-түз көрсөтмө берди. Ал азыр талапкер болгону менен премьер-министр, анын достору мамлекетти, парламентти, укук коргоо органдарын башкарып турат. Биздин соттор өз алдынча боло элек. Ошондуктан бул аларга түздөн-түз көрсөтмө берип, Атамбаевден да өткөн саясатты улантып жатат. Садыр Жапаровдун акыркы берген интервьюсунан кийин менин мандатымды алуу боюнча соттун чечими да саясий мотив менен болгону ачык көрүнүп калды”, - дейт Текебаев "Азаттыкка".

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн