Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 16:47
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Өмүрбек Текебаев Темир Сариевдин кармалышы боюнча пикирин билдирди

18.08.2021 17:20
1129
Өмүрбек Текебаев Темир Сариевдин кармалышы боюнча пикирин билдирди

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев мурдагы өкмөт башчы Темир Сариевдин кармалышы боюнча пикирин билдирди.


Анын айтымында, Сариевдин күнөөсү далилденгенге чейин аны кармабай туруу керек.


"Темир Сариев буга чейин 2007-2010-жылдары өзүнүн эр жүрөк кайтпай турганын далилдеди.

Анын азыр кармалышына Кумтөр боюнча 2012-жылкы келишимдер негиз болууда.

Темир Сариев өлкөдөн качып кетпей турганын, коомго зыян тийгизбей турганын жана тергөөнү сатып албай турганын буга чейин эле далилденген.

Ошондуктан аны кармоо туура эмес деп ойлойм. Эгер анын Кумтөр боюнча коррупциялык келишимдерге тиешеси болсо, анда жоопко тартылышы керек",- деди Текебаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн