Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 02:16
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Өмүрбек Текебаев Жамал Сейдакматованын жакындарына көңүл айтты

16.02.2021 20:29
885
Өмүрбек Текебаев Жамал Сейдакматованын жакындарына көңүл айтты


"Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Жамал Сейдакматованын үй-бүлөсүн жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтты.


Төмөндө толук тексти:


"Кыргыз маданияты, кино тармагы орду толгус оор жоготууга учурады. Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматова 82 жаш курагында каза болду. Ал узакка созулган катуу оорудан улам дүйнө салганы айтылууда. 


Жамал Сейдакматова өмүрүн театрга, кыргыз маданиятына арнады. Өмүрүнүн соңку жылдарына чейин бир нече кинотасмаларда мыкты образдарды жаратты. Театрда чет элдик, орус, кыргыз классикалык драмаларында да башкы ролдорду аткарган. 


«Караш-Караш окуясында» Хатшанын, «Уланда» Фатиманын, «Ак илбирстин тукумунда» Бегайымдын, «Акбаранын көз жашында» Көк Турсундун, «Курманжан Даткада» Курманжан Датканын жана башка образдарды тасма тарыхында калтыра алды.


Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакын туугандарына өзүмдүн жана партиялаштардын атынан терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгыларын тең бөлүшөм. Ыйманы жолдош, жаткан жери жайлуу болсун!


Кыргыз кино жана театр өнөрүнө эбегейсиз зор салым кошкон залкар актрисанын элеси жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат!


Өмүрбек Текебаев

“Ата Мекен” партиясынын төрагасы".

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн