Бугу 19, 2024
Убакыт: 11:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Өмүрбек Текебаев: Алсыз парламент элдин нааразычылыгын күчөтүп жатат (видео)

28.08.2021 09:08
1579
Өмүрбек Текебаев: Алсыз парламент элдин нааразычылыгын күчөтүп жатат (видео)

Жазда төртүнчү революция болуу коркунучу пайда болду. Бул тууралуу Өмүрбек Текебаев "Ата Мекен" партиясынын жыйынында билдирди.


Анын айтымында, азыркы саясий абалга улам элдин нааразылыгы күчөп барат. Өмүрбек Текебаев муну өзүнүн схемасы аркылуу түшүндүрдү.


"Атамбаевдин убагында эл эмне үчүн бийликке көп нааразы болгон эмес? Анткени ал убакта күчтүү парламенттик система бар эле. Парламент Атамбаевдин туура эмес кадамдарын айтып токтотуп турган.

2017-жылы мени, Канат Исаевди, Өмүрбек Бабановду камагандан кийин парламентте жетелеме же өзү айтмакчы "чимкирик" депутаттар калып, элдин нааразылыгын туудура баштады.

3 жыл элдин нааразылыгы көбөйө берди. Былтыр жарылып кетти.

Азыр болсо, 6 айда эле элдин нааразылыгы пайда боло баштады. Жазда элдин нааразылыгы 60 пайыздан ашып кетсе, төртүнчү революция болуу коркунучу пайда болот",- деди Текебаев.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн