Бугу 13, 2024
Убакыт: 05:51
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Өмүрбек Текебаев бүгүн кармалган жарандар тууралуу чукул кайрылуу жасады (видео)

23.10.2022 18:11
382
Өмүрбек Текебаев бүгүн кармалган жарандар тууралуу чукул кайрылуу жасады (видео)

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев бүгүн, 23-октябрда кармалган саясатчы жана активисттер тууралуу пикирин билдирди.


Өмүрбек Текебаевдин айтымында, кармоо жана камоо менен маселе чечилбейт.


"Кыргызстандын 30 жылдык тарыхында күч колдонуу, кысым, кармоо жана камоо аракеттери эч качан жакшылык менен бүткөн эмес.

Бүгүн кармалган адамдар мыйзамды сактаган, андан чыкпаган жарандар.

Кыргызстандын эки чоң геосаясий байлыгы бар. Анын бири эгемен эл, экинчиси географиялык аймагыбыз.

Бийлик бүгүн кармалган адамдарды үй камагына чыгарып тергеш керек. Эгер күч менен массалык башаламандык уюштурууга аракет кылганы аныкталса жазага тартылышы керек ",- деди Текебаев.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн