Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 19:25
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Өмүрбек Текебаев кыргыз жарандарын Германияда ишке орноштуруу маселесин талкуулады

14.04.2022 08:17
515
Өмүрбек Текебаев кыргыз жарандарын Германияда ишке орноштуруу маселесин талкуулады



2022-жылдын 12-апрелинде Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Нюрнберг шаарында Германиянын иш менен камсыз кылуу боюнча Федералдык агенттигинин Эл аралык департаментинин башчысы Маркус Бирхер мырза менен жолугушуп, анын жүрүшүндө Кыргызстандын жарандарын Германияда ишке орноштурууну уюштуруу маселелери талкууланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин маалымат кызматы кабарлады.


Маалым болгондой, элчи Ө.Текебаев Кыргызстандын жогорку жана кесиптик билим берүү системасы, эмгек рыногу жана Кыргызстандын жарандарынын Германияда ишке орношууга болгон кызыгуусу тууралуу кеңири маалымат берди. Элчи белгилегендей, учурда бул процесс Кыргыз Республикасында 12 ге жакын жеке компаниялар тарабынан системалаштырылбаган түрдө жүрүп жатат. Ушуга байланыштуу Элчиси Ө.Текебаев кыргыз жарандарын Германияда уюшкан түрдө ишке орноштуруу боюнча эки тараптуу келишим түзүүнү сунуштады.


М.Бирхер мырза Германияда демографиялык кризистен жана жаш кадрлардын жетишсиздигинен улам Германиянын иш менен камсыз кылуу боюнча федералдык агенттиги чет өлкөлөрдөн, анын ичинде Кыргыз Республикасынан да квалификациялуу адистерди тартууга кызыкдар экенин билдирди. Анын айтымында, Германиянын эмгек рыногунда эң көп талап кылынган тармактар туризм, мейманканада иштөө, логистика, кол өнөрчүлүк, курулуш ж.б. Ошол эле учурда Германияда жумушка орношуунун негизги шарттары катары, немис тилин тиешелүү деңгээлде билүү зарылчылыгы менен бирге, кесиптик дипломдун болушу талап кылынат.


Жолугушуунун жыйынтыгында кыргыз жана герман тараптардын ортосунда тиешелүү Меморандумду жакын арада түзүү маселеси макулдашылды жана ал Меморандумда кыргызстандык адистерди Германияга даярдоо жана ишке орноштуруу боюнча конкреттүү кадамдар чагылдырылат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн