Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:39
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Текебаев президентти “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзамды колдобоого чакырды

29.06.2020 19:25
1036
Текебаев президентти “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзамды колдобоого чакырды


Президент Сооронбай Жээнбеков “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзамы боюнча коомдук пикирге маани бериши керек. Мындай оюн экс-депутат Өмүрбек Текебаев социалдык тармактар аркылуу билдирди.


Анын айтымында, интернет коомдук пикирди элдик көзөмөл институту деңгээлине көтөрүп чыкты. Бүгүн коомдук күч - реалдуу күч. “Ошондуктан президент элдин пикирин эске алышы керек деп эсептейм”, - деди Текебаев.


Ал бул мыйзамга каршы экенин айтты. “Эмне үчүн? Анткени, Конституцияга ылайык бүгүнкү саясий системанын негизинде саясий атаандаштык, саясий конкуренция коюлган. Эгерде сөз эркиндиги болбосо, пикир эркиндиги, ой эркиндиги болбосо, саясий атаандаштык болбойт", - деп белгилейт саясатчы.

 

Анын айтымында, учурда калктын 35 пайызы маалыматты КТРКдан, 80 пайызы соцтармактардан алат. Мамлекеттин монополиясы заматта жок болду. Бирок, информациялык революциянын да күнгөй-тескейи бар. Туура эмес маалыматтар тарап атат. Аны чечүүнүн жолу башка болуш керек. Бул Кыргызстандын эле эмес, бүтүндөй адамзаттын проблемасы. Жер шарындагы глобалдык проблема.


"Мен ойлойм, жакынкы күндөрү бул маселе чечилет”, - деп билдирди ал.


Текебаев кошумчалагандай, тескерисинче, интернетте тез, арзан жана 100 пайыз эл колдонгон өлкөнү куруу керек. Артка эмес, алдыга умтулуу зарыл. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн