Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 01:52
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Өмүрбек Текебаев президенттик жана парламенттик шайлоону бир күндө өткөрүүнү сунуштады

16.10.2020 11:50
766
Өмүрбек Текебаев президенттик жана парламенттик шайлоону бир күндө өткөрүүнү сунуштады


Бүгүн, 16-октябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Жогорку Кеңештин кезексиз жыйында  Өмүрбек Текебаев президенттик жана парламенттик шайлоону бир күндө өткөрүүнү сунуштады. 


Анын айтымында, шайлоону бир өткөрүүгө мыйзам жол берет. 


"Парламенттик шайлоодо шайлоо босогосун 3 пайызга чейин төмөндөтүү керек. Ошондо жаңы партиялар келет. Жаңылануу - бул бүгүнкү күндүн талабы. Президенттик жана парламенттик шайлоону бир күндө өткөрүүнү сунуштайм. Буга мыйзам жол берет жана бюджетти үнөмдөөгө жол ачат", - деди Текебаев. 


Ошондой эле, ал алдыдагы шайлоого президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр катыша албай тургандыгын айтып, анын айланасындагы адамдарды дагы катыштырбоону сунуштады. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн