Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 17:12
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Өмүрбек Текебаев шайлоо системасы боюнча Алтынбек Сулаймановдун долбоорун жактады

19.07.2021 11:04
1538
Өмүрбек Текебаев шайлоо системасы боюнча Алтынбек Сулаймановдун долбоорун жактады

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев шайлоо системасы боюнча депутат Алтынбек Сулаймановдун долбоорун колдоду. Бул тууралуу "Жалбырак тв" каналына берген маегинде билдирди.


- Депутат Сулайманов сунуштаган долбоордо шайлоочу партияга гана эмес, тизмедеги каалаган кандидатка да добуш бере ала турганы каралган. Сиз буга кандай карайсыз? 


- Партиялык тизменин преференционалдык ыкмасын пайдалансак, шайлоочулар партияга гана эмес, партиянын ичиндеги конкреттүү кандидатка добуш берет. Ошентип биз партиялык коррупциядан арылып, партиялык тизмени партиянын жетекчилиги эмес, эл түзө турган шартты камсыз кылабыз. 


Бүгүн акчасы бар адамдар түзгөн партия гана парламентке келип калды. Карапайым адамдар, жаштар түзгөн саясий күчтөр, партиялар иш жүзүндө парламентке келе албайт. Алардын келишин камсыз кылыш үчүн шайлоо босогосун 7%дан 3%га түшүрүш зарыл.

Андан башка, эбегейиз чоң шайлоо күрөөсү бар. Ал көптөгөн партиялар үчүн кол жеткис. Ошон үчүн шайлоо күрөөсүн дагы минималдык деңгээлге түшүрүш керек. Мына ошондо былтыр октябрда болгон революциянын талаптарынын негизги бөлүгү аткарылган болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн