Саясатчы Өмүрбек Текебаевдин апасы Тилла Текебаева дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу "Ата Мекен" партиясынан билдирди.
Тилла Текебаева жакында 90 жашка чыкмак. Маркум көптөн бери ооруп жаткан.
“Ата Мекен” партиясынын жалпы мүчөлөрүнүн атынан партия төрагасы Өмүрбек Текебаевге жана жакындарына терең кайрыгуу менен көңүл айтып, аза-кайгыларын тең бөлүшөбүз. Тилла апанын арты кайырлуу, ыйманы саламат болсун! Жараткан Бейишинен орун берип, калган өмүр-жашын балдарына, небере-чөбөрөлөрүнө берсин! Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 30-апрель Акман айылында өтөт",- деп билдирүү таратты "Ата Мекен" партиясынын Саясий кеңеши.
Пикирлер (1)