Бугу 16, 2024
Убакыт: 21:11
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Өмүрбек Текебаевге кол салган адам кармалды

02.12.2021 06:56
1650
Өмүрбек Текебаевге кол салган адам кармалды

Өмүрбек Текебаевге кол салуу фактысы боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын  жүрүшүндө борбор калаанын криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун 1998-жылы туулган Э.Ы. кармалды. 


Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, кармалган адам тергөө кызматына жеткирилип, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык борбор калаанын  убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Ошондой эле, милициянын маалыматы боюнча, кармалган адам Ө.Текебаевге тиешелүү уюлдук телефонду өз ыктыяры менен берген.


Тергөө жүрүшүндө окуяга тиешеси бар башка тараптар да иликтенүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн