Аяк оона 30, 2024
Убакыт: 12:18
USD
84.10
84.60
EUR
93.40
94.40
RUB
0.890
0.930

Өмүрбек Текебаевге кол салган депутат Антикоррупциялык ишкердик кеңешке мүчө болду

09.12.2021 15:41
503
Өмүрбек Текебаевге кол салган депутат Антикоррупциялык ишкердик кеңешке мүчө болду


«Ата Мекен» партиясынын лидери, саясатчы Өмүрбек Текебаевге кол салууга аты аралашкан, кийин Текебаевден кечирим сураган Токмок шаардык кеңешинин депутаты Кайрат Чокеев Президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин мүчөсү болду. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчасына жазды.


Токмок шаардык кеңешинин депутаты Кайрат Чокеев 3-декабрда Текебаевге келип, кол салуу үчүн атайын чогулушпаганын, 1-декабрда өлкөдө тынчтыкты талап кылган акцияга келип, капыстан саясатчы менен чыр чыгып кеткенин айтып кечирим сураган.


Социалдык тармакта Кайрат Чокеевдин президенттик шайлоодо президент Садыр Жапаровдун штабынын Токмок шаарынын координатору болгону айтылган. Азыр ал Токмок шаардык кеңешинин депутаты жана көпчүлүк коалициясынын төрагасы.


Булак: "Марал радиосу"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн