Бүгүн "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге болгон салуу боюнча милиция тергөө иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иликтөө Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан жүргүзүлөт.
"Окуя болгон жерге Бишкек шаардык милициясынын ыкчам чара көрүү кызматы дароо чыгып кеткен. Азыркы учурда окуяга кимдер тиешелүү экендиги иликтенүүдө. Маалымат Бишкек шаардык милициясы тарабынан берилет",- деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн