Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 17:01
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Өмүрбек Токтогулович, качан адал жашай баштайсыз?

07.08.2022 09:49
3416
Өмүрбек Токтогулович, качан адал жашай баштайсыз?


Бирдеме десек эле "журналисттер менден башканы көрбөй калдыңар. Унчукпай эле жүрөм го"-деп таарынасыз.  Унчукпай жүрүп, каша варенье жасап атпайсызбы? 


Эсиңиздеби,  мага "Баяна, Аллахтын алдында арам иштесек ашыгы менен жообун алабыз, ошого мен команданы адал иш кылгыла деп көп айтам"-дедиңиз эле. Ошондо бул жагы кандай болуп калды? 


Кыргызстандагы  "Фрунзе" супермаркеттери  сиздики экени эч кимге жашыруун эмес.  Казактардан алган соң эле шумдуктун баары башталып кетти го. Ичиндеги бааларды да жасалма көтөрүп койдуңар, аныңарга макул. Өзүңүз ПМ кезде "салыкты эле реформа кылып койсо, кыргыз өкмөтү бутка бат турат"-деп какшачу элеңиз. Эми салыктын реформасына кайра бут тосуп атасыз.  Сиздин командаңыз акырындап ККМге каршы сүйлөп,  Фрунзелерден алынган чектер өтпөй атат деп жасалма билдирүүлөрдү жаза башташты.  Эмне, элди такыр эле келесоо деп ойлойсузбу? Же мен тааныбай, эч нерсени билбей каламбы? 


Сиздин супер маркеттен чыккан ККМдерге көз жүгүртүп коёбойсузбу? бирөөгө бир  иш дайындасаңыз артынан алтымыш киши коюп, анан кайра  жүз жолу текшерген адатыңыз бар эле. Фрунзени карай элексизби же? 


Кыргыз тилине жасалган мамилени ары коёлу, чектердин баары жасалма, система окубай атат. Карапайым эл болсо ишенип супер маркеттерден чекти алып өткөрүп билет бербесе кайра  салык кызматына суроо узатып  баарын бизден көрүп олтурушат.


Өмүрбек Текебаев бир жолу ачууланып "күлүп туруп күлүңдү көккө сапырчу жигит да!!  Карасаң баарын чабыштырып акырын басып кеткенин"-деди эле сизге карата.  Чын, Чиркешовичтин айтканы туура экен, маани бербептирмин. Бул жакта чабышып атабыз, сиз болсо  жымм, акыры-ыын кондиционердин астында олтуруп алып каткырып кофе ичип жүрсөңүз керек.   Президент болом деген амбицияңыз да бар.  Өлкөгө чыккынчылык кылып супер маркеттерге контробанда товар киргизбей, жасалма ККМ бердирбей койсоңуз ыраазы болот элем сизге. 


Журналист катары иликтеп чыксак таарынасыз, урушабыз, адатыңыздай анан артымдан миллион  чалуулар башталат.  Эми, уят, билбеген кишиге актаныңыз, мага эмес!


Баяна Кулова, журналист 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн