Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 12:40
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Өмүрүн сактап калууга 7 мүнөт жетпей калды делген адам тирүү чыкты, - ИИМ (видео)

22.07.2020 15:00
1122
Өмүрүн сактап калууга 7 мүнөт жетпей калды делген адам тирүү чыкты, - ИИМ (видео)


Ыктыярчылардын “Жети мүнөт жетпей калды, өмүрүн сактай албай калдык” деген билдирүүсү туура эмес, сөз болуп жаткан адам тирүү, деп билдирди Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

 


Аталган окуя социалдык түйүндөрдө жарыялангандан кийин ИИМдин тергөө кызматы окуянын чоо-жайын текшерип, бул жаранды кайсы оорукана кабыл албай койгондугун иликтөөгө алган. Ага ылайык, бул жаран Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунда жашаган 45 жаштагы Жоломан Карымшаков болуп чыккан.



Алдын ала иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө белгилүү болгондой, А.Мурзаева аттуу ыктыярчы 16-июлда Бишкектеги “Ак-Өргө” конушунда бир адам эс-учун жоготуп жаткандыгы тууралуу маалымат алып, аны түнкү стационарга алып барышкандыгын билдирген. Стационардагы врачтар бош орун жок экендигин айтышкан. Бирок убактылуу болсо дагы башка ооруканага жаткырууга чейин кычкылтек концентраторуна кошуп турууну чечкен, бирок 10 мүнөт өткөндөн кийин стационардагы иштеген дарыгерлер бул адамдын жүрөгү токтоп каза болуп калгандыгын билдирген.



“Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы каза болуп калды деген маалымат жалган болуп чыкты. Ал тирүү эле экен, жердиги Ата-Башы районунан, учурда Арча-Бешик конушунда жашаган 45 жаштагы Жоломан Карымшаков экени аныкталды”, - деп билдирди басма сөз кызматы.



Бул жаран ооруканада эсин жоготуп, асма ийнеден кийин гана өзүнө келгендигин билдирип, дарыгерлерге жана ыктыярчыларга ыраазычылыгын билдирген. Учурда үйүнө чыгып, абалы жакшы экендигин кошумчалады.

 

Азыркы тапта сотко чейинки өндүрүш боюнча тергөө амалдары аяктап, иш кыскаруунун алдында турат.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн