Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Өндүрүш Токтонасыров саламаттыкты сактоо министрине: Арманың болсо уу коргошунга айт (видео)

20.04.2021 18:07
1094
Өндүрүш Токтонасыров саламаттыкты сактоо министрине: Арманың болсо уу коргошунга айт (видео)

 

Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге “Арманың болсо уу коргошунга айт” деген кат жолдоду. Бул тууралуу Kaktus Media сайтында маалымдалды.


Өндүрүш Токтонасыров Министрликтин алдына келип, жалгыз нааразычылык акциясын өткөрүп, министрге ушул катты алып, элден кечирим сурап кете берсең болмок деп кайрылды.


“Эмне үчүн медициналык-клиникалык текшерүүдөн өтпөгөн уу коргошунду коронавирусту дарылаганга болот, 2-3 күндүн ичинде айыгып кетет деп сунуштап жатат? Ооруп жаткан бейтаптарга берип жатканы туура эмес. Бул – фашизм, чыккынчылык жана кылмыш, адамзаттын өмүрүнө кол салуу болуп эсептелет”, - деп белгиледи укук коргоочу.


Анын пикиринде, коомчулуктун терс кабыл алуусунан кийин өзү эле кетиш керек болчу. Министр бул орунга татыксыз, деп кошумчалайт ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн