Бугу 20, 2024
Убакыт: 11:20
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Өндүрүш ишканалары Нарын дарыясындагы мифтик крокодилдер эмес, - Өкмөттүн Иманалиевге жообу

01.05.2020 12:59
1321
Өндүрүш ишканалары Нарын дарыясындагы мифтик крокодилдер эмес, - Өкмөттүн Иманалиевге жообу


Жогорку Кеңештин депутаты өз өлкөсүнүн экономикалык структурасына караганда коңшу Казакстандын же чет мамлекеттердин мыйзам долбоорлорун жакшы ажыратып билет чыгаар. Бул тууралуу өкмөт башчынын маалымат катчысы Адилет Султаналиев депутат Каныбек Иманалиевдин сөзүнө комментарий берип жатып билдирген.


"Мүмкүн депутат өз өлкөсүнүн экономикалык структурасына караганда коңшу Казакстандын же чет мамлекеттердин мыйзам долбоорлорун жакшы ажыратып билер. Бирок депутаттын өлкө кандай жашап жаткандыгына жана эмне өндүрүп жатканына көбүрөөк көңүл бурганы туурадыр.   Бүгүнкү күндө Кыргызстанда “Дастан”, “Жунда”, “Кыргызнефтегаз” жана башка өндүрүш ишканалардын иштөөсүнө уруксат берилген. Мындан сырткары автоунаа заводу "Автомаш-Радиатор" жана Бишкектеги машине заводу, ошондой эле Майлуу-Суудагы лампа заводу да иштей баштады.  Мындай ишканалар объектилер, алардын жумушчулары жана өндүрүү ишкердүүлүгү – бул Нарын дарыясындагы мифтик крокодилдер эмес. Алар реалдуу түрдө бар жана иштеп жатышат, жарандар иш менен камсыз болуп, айлык-акыларын алып жатышат”, - деген Султаналиев.


Эскерте кетсек, кечээ, 30-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында  депутат Каныбек Иманалиев Өкмөттүн 1-майдан тартып ири ишканалар иштөөгө чыгат деген маалыматы боюнча пикирин айтып, анда Кыргыз өкмөтү Казакстандын билдирүүсүн көчүрүп алган деп сын айткан эле. 


Кыргызстанда машина куруу, тетик жасоо барбы? Андай болсо 1-майдан баштап кеме курууга, ядролук курал чыгарууга, атомдук курал-жарак иштеп чыгууга уруксат берилет деп жазбайсыздарбы. Кичине сыр сактасаңар боло, Казакстандыкын көчүрүп жазып алганыңарды билгизбей”, - деген депутат.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн