Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 05:28
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Өнөктөш мамлекеттер медициналык каражаттардан жардам берип жатат, - Акматова

26.03.2020 10:15
847
Өнөктөш мамлекеттер медициналык каражаттардан жардам берип жатат, - Акматова


Бүгүнкү күндө бир катар өнөктөш мамлекеттерден коронавирус илдетинин мындан ары жайылышына каршы күрөшүү максатында медициналык жардамдар алынып жатат. Мындай маалыматты саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова бүгүн, 26-мартта маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Россия мамлекетинен 1 миңден ашык ПЦР-тест системасы алынган.


Мындан тышкары, бет кап, коргонуучу каражаттарды жана реактивдерди гуманитардык жардам катары берилүүсүн суранып жатабыз. Ал эми буга чейин жасалма дем алдыруучу аппарат, тепловизор жана стацинардык жабдыктардан жардам сурады, деген маалымат чындыкка дал келбейт”, - деди ал.

А.Акматова билдиргендей, Өзбекстан тараптап 23-мартта 1200 коргонуучу кийим, 1650 даана бет кап жардам катары келип түшкөн.

Ал эми кечээ, 25-мартта Кытай мамлекетинен коргонуучу каражаттар гуманитардык жардам катары алынып келди.

Ошондой эле, эл аралык уюмдардан дагы керектүү медициналык жардамдарды алуу боюнча сүйлөшүүлөр  жүрүп жатат.

Ал кошумчалагандай, бүгүнкү күнгө карата тест система жетиштүү деңгээлде. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн