Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 07:33
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

18 талапкердин кимиси өнүгүүгө карай бурулуш жасай алат?

15.12.2020 10:55
1031
18 талапкердин кимиси өнүгүүгө карай бурулуш жасай алат?


Ошентип бүгүн, 15-декабрда президенттик шайлоонун үгүт иштерине расмий старт берилди. Тээ башында «Президент болот элем» деп Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырган 63 адамдан иргелип отуруп, чындап аттанган 18 талапкер калды. Бир нечеси «Мен баланча талапкердин пайдасы үчүн талапкерлигимди алдым» деген шылтоо тапса, дагы бир тобу 1 миллион сомдук күрөө менен 30 миң кол топтоо деген милдеттерден улам талапкерликтен баш тартты. Демек, талапкерлигин коюу менен кайсы бир татыктуу талапкердин алдынан алдын-ала «өтүп» коюп, кийин кызмат үмүт эте тургандар жана «шоумендер» стартка турбай жатып аркада калышты. Ал эми эл жүгүн аркалап, мамлекетим үчүн салым кошот элем деген чыныгы талапкерлер жарышка аттанды. 


Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев, Канатбек Исаев, Рашид Тагаев, Жеңишбек Байгуттиев, Клара Сооронкулова, Аймен Касенов, Арстанбек Мыктыбек, Бактыбек Калмаматов, Имамидин Ташов, Курсан Асанов, Каныбек Иманалиев, Равшан Жеенбеков, Элдар Абакиров, Улукбек Кочкоров, Бабыржан Төлбаев, Абдил Сегизбаев, Садыр Жапаров. Мына ушул аттары аталган кыргыз элинин мыкты уул-кыздары өздөрүнүн ак кызматын элге тартуулоону убада кылуу менен шайлоодо аягына чейин таймашууга бел байлашкандар. Булардын ар биринин кыргыз коомчулугунда өз ордулары бар. Саясатта, коомдук иштерде өздөрүн активдүү көрсөтүп келаткандар. 


Талапкерлер 18, ал эми мамлекетибиз бирөө гана. Ошого жараша мамлекет башчысы кызматы да жалгыз. Андыктан булардын ичинен да эл ишенимине көбүрөөк ээ боло алганы гана жеңишке жетет. Ар кандай таймашта, ар кандай шайлоодо жеңгендер жана жеңилгендер болот. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Алдыдагы шайлоодо кимиси жеңсе дагы, калгандары аны жеңиши менен куттуктап, мамлекетибиздин бүтүндүгү, стабилдүүлүгү үчүн жеке амбицияларын тыйып, таарыныч же нааразычылыктарын жыйыштыра алышат деген үмүт бар. 


Элдин тилегени – чечкиндүү, реформатор, жеке кызыкчылыгынан өлкө кызыкчылыгын өйдө кое алган, өлкөнү өнүгүүгө карай баштай турган президентти шайлоо. Бийлик колго тийгенден кийин эле тегерете курчап алган жан-жөкөрлөрүнүн сөзүнөн чыгалбай, элдин турмушун, мамлекеттеги маселелерди ошолордун көзү менен гана көрүп калган президент эми болбосо экен деген тилек бар. Кайрадан элдик толкундоолорго, нааразычылыктарга жол бербей тургандай иштесе экен деген үмүт чоң. 


Азырынча 18 талапкердин кимиси президент болуп шайланаары белгисиз. Кимиси келсе да, өлкө экономикасы өтө оор абалда экенин, саясий кырдаал да өзгөчө абалда турганын түшүнө тургандай болуп келиши керек. Очорулуп турган экономиканы көтөрүп, курч абалда турган саясий кырдаалды жөнгө салып кете алаарына ишенген адам гана президент болушу зарыл. Болбосо, кыска убакыт ичинде эле кайрадан «октябрь тополоңу» кайталанып кетиши толук мүмкүн.


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
А.Мадумаров таза еч ким менен соодалашпаган ,интеллекти жогору инсан.Ал озгортот олкону